Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстанга жасалма акча ташууга шектелип эки жаран кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда жасалма акчаны жүгүртүүгө шектелип эки жаран кармалганын 4-декабрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар Түркияда жасалган АКШ долларын Өзбекстан жана Кыргызстанда жүгүртүүгө киргизип турушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын чөйрөсүн аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу үчүн иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

УКМК 27-ноябрда дээрлик 70 миң АКШ долларын Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган деген шек менен орусиялык 41 жаштагы жаран Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинен кармалганын билдирген.

Жыл башында Министрлер кабинети Кыргызстандан чет элдик накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону маалымдалган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынган.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат. Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG