Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Сузактагы жол кырсыгында үч киши көз жумду


Бишкек-Ош жолунун Сузактагы тилкесинде "Хонда-Сивик" жана "Матиз" унаалары кагышып, үч киши набыт болду. 1-декабрда кечке жуук Сузактын Санпа айылынын тушундагы жолдо болгон кырсыктан "Хонда-Сивиктин" айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, "Матиздин" бир жүргүнчүсү ошол жерден жан берген.

Дагы үч адам, анын ичинде төрт айлык ымыркай Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан "Азаттыкка" маалымдашкандай, "Матиздин" айдоочусунун жамбаш сөөгү жана далысы сынып кеткен, ага операция жасалды. Ал эми "Хонда-Сивиктин" дагы бир жүргүнчүсү жана 4 айлык ымыркайдын абалы туруктуу.

"Баланын апасы рулда болчу экен, ал кырсык болгон учурда көз жумуптур. Наристенин абалы канааттандырарлык болгондуктан, туугандары алып кетишти", - деди дарыгер Акжол Тургунбаев.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл тогуз айда 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. Өткөн жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG