Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты:
“Мурда баланы урушуп, керек болсо токмоктоп да коёт элек. Балдарыбыз да муну туура түшүнчү. Азыр болсо баласын жаман көргөндөр кордоп, зордук көрсөтүп жатат. Аялдарын мурда бир аз какыс-кукус кылып коюшса, азыр өлтүргөнгө чейин барып кескилип салууда. Бул коомдогу терс көрүнүштөрдүн бири. Мындай иштерди жер-жерлерде болтурбай алдын алып калса болот эле”.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 512 факт катталган. 7 419 аялга милиция “коргонуу ордерин” берген.
Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын белгилеген.
Жакында эле социалдык тармактарга Оштун Араван районунда энеси эгиз кыздарын сабап атканы тартылган видео тараган. Кыздардын апасы камакка алынып, балдар атасына берилген.
20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. (BTo)
Дагы караңыз
Санкция: Борбор Азиядан Орусияга сатылган дрондорАКШ-Кытай сүйлөшүүсү: аскердик кызматташуу, маңзатка каршы күрөш Көлбаевдин өкүл атасы деген Азим Рой ким?Дагы караңыз
Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айттыСот Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровду 9-декабрга чейин камакта калтырдыБыйылкы он айда жарым миллиондой жаранга кыргыз паспорту берилдиМамдуманын вице-спикери Өзбекстанда мигранттардын акчасына орус тилдүү мектептерди курууну сунуштадыБекназаровдун баракчасынан маалымат таратууга айыпталган жаранга 50 миң сом айып салындыАлматыда сот якутиялык активист Айхал Аммосовду бир жылга кестиАбдылдажан Акматалиев КМШ ПААнын сыйлыгын алды