Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Абдылдажан Акматалиев КМШ ПААнын сыйлыгын алды


Абдылдажан Акматалиевге сыйлык тапшыруу аземи. 17-ноябрь, 2023-жыл.
Абдылдажан Акматалиевге сыйлык тапшыруу аземи. 17-ноябрь, 2023-жыл.

Филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына ээ болду.

Сыйлык бүгүн, 17-ноябрда Улуттук филармонияда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференцияда тапшырылды. КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты жана аны менен кошо берилүүчү 1 млн сомдук сертификатты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Орусиянын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.

Төрага Нурланбек Шакиев Абдылдажан Акматалиевдин адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы чоң экенин белгилеп, окумуштуунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

"Дүйнөнү эки Чыңгыз багынткан. Анын бири кылычы менен дүйнөнүн көп бөлүгүн ээлесе, бири калеми менен адамзатты алдыга сүрөдү", - деди төрага.

Абдылдажан Акматалиев ыйгарылган сыйлыкка ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы түгөнбөгөн кенч экенин, аларга изилдөө жүргүзүү тынымсыз улантылышы керектигин айтты.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция КМШ ПААнын Бишкекте өтүп жаткан 56-сессиясынын алкагында өткөрүлдү.

16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ ПААнын 56-күзгү сессиясы өтүп жатат. Ага КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламент башчылары, депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер келген.

Отурумда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар мыйзам долбоорлору каралууда. Парламенттик ассамблеянын делегациялары КМШ аймагында улуттар аралык баарлашуудагы орус тилинин ролун талкуулашат.

Парламенттер аралык ассамблеянын алгачкы жыйыны 1992-жылы, сентябрда Бишкекте өткөн.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындары негизинен уюмдун Санкт-Петербург шаарындагы штаб-квартирасында өтөт. 2022-жылы жазында Алматыда, күзүндө Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG