Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Мамдуманын вице-спикери Өзбекстанда мигранттардын акчасына орус тилдүү мектептерди курууну сунуштады


Орусиядагы мигрант.
Орусиядагы мигрант.

Өзбек депутаттары Мамлекеттик Думанын өкүлү Петр Толстойдун Өзбекстанда жана Тажикстанда мигранттардын акчасына орус тилдүү мектептерди куруш керек деген сунушуна жооп кайтарышты.

Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын өкүлдөрү Бобур Бекмуродов менен Алишер Кадыровдун пикиринде, Мамдуманын вице-спикери өз өлкөсүнүн иштери менен алек болуп, орус жарандарынын көйгөйүн чечүүсү керек.

“Өзбекстан депутат Толстойдун бакчасы эмес. Өз жарандарынын жана өлкөсүнүн көйгөйлөрү менен алек болсун. Өзбекстанда орус тили - эркин баарлашуунун тили. Биз өнөктөш өлкө макамыбызга шайкеш келип турабыз. Ал эми Толстой андай болгон жок”, - деди Бобур Бекмуродов.

Апта башында Петр Толстой орус тили мамлекеттик макамга ээ эмес мамлекеттерден келген мигранттарга айдоочу жана курьер болуп иштегенге тыюу салууну сунуштаган.

Көп өтпөй ал Телеграмдагы каналы аркылуу орус тили мурдагы Советтик республикалардын баарында улуттар аралык баарлашуунун тили болушу керек экенин, Орусиядагы мигранттардын көбү аны билбей турганын жазган.

Соңку бир нече айдан бери Орусияда Мамдуманын депутаттары мигранттарга каршы бир нече мыйзам долбоорлорун сунушташты.

“Справедливая Россия — За правду” партиясы мектептердеги мигранттардын балдарынын санын чектөөнү демилгелесе, КПРФ партиясы аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан чыгарууну сунуштады.

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айрым кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун даярдаганын жакында эле ТАСС маалымат агенттиги жазды.

XS
SM
MD
LG