Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

Алматыда сот якутиялык активист Айхал Аммосовду бир жылга кести


Айхал Аммосов (Иван Иванов) согушка каршы пикет өткөрүп жаткан учур. Якутск
Айхал Аммосов (Иван Иванов) согушка каршы пикет өткөрүп жаткан учур. Якутск

Алматы соту якутиялык активист Айхал Аммосовду (Игорь Ивановду) 12 айга эркинен ажыратты. Буга чейин сот аны 40 күнгө камоо чечимин кабыл алган. Бул тууралуу активисттин адвокаты Мурат Адамов Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ноябрь айынын башында Аммосов “баш калка сураган адам” макамын алган. Мындан улам анын башпаанек алуу боюнча өтүнүчү каралмайынча Орусияга экстрадициялоо мүмкүн эмес.

Аммосовго каршы Орусияда "орус армиясын дискредитациялоо" жана "терроризмди актоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал Украинага басып кирүүгө каршы пикирин дагы айтып келген.

Айхал Аммосов - Орусияга караштуу Якутия жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн активисттердин бири.

Бир нече жолку нааразылык акцияларынан кийин ал "армияны дискредитация кылды" деген кине менен айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

2022-август айындагы каршылык акциясынан кийин ага кылмыш иши козголуп, Аммосов Казакстанга чыгып кеткен.

Активистти 9-октябрда Алматыда кармап, тергөө абагына киргизишкен.

XS
SM
MD
LG