Евробиримдик Орусиянын Украинага каршы согушуна жардам берген борбор азиялык компанияларга санкция салууну көздөп жатат. "Азаттык" радиосу таанышып чыккан санкциялардын жаңы пакетинин долбооруна Казакстандагы жана Өзбекстандагы фирмалар кирген. Бирок тизмеде кытайлык компаниялар жок.
Журналисттердин колуна тийген документтерде, Европа Биримдиги Орусияга тыюу салынган товарларды жеткирүүгө көмөктөшкөн бир нече борбор азиялык компанияга санкция салуу маселесин караштырууда.
Уюмдун Москваны бутага алган санкцияларынын 12-пакетине жалпысынан 31 жаңы компания киргизилиши мүмкүн. Алардын арасында Казакстандагы эки, Өзбекстанда катталган бир компания бар.
Еврошаркет санкциялык тизмесин орус аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери улам толуктап жатат.
Документтин долбоорунда Орусиянын алмаздарына да тыюу салуу сунушу камтылган. Вашингтон Орусияда өндүрүлгөн кымбат баалуу таштарга эбак эле чектөө киргизген. Брюссел бул кадамга бара элек болчу.
Борбор Азиядагы ишканалардын "кара тизмеге" кириши Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жол ачкан схемаларда чөлкөмдөгү өлкөлөр кандай ролду ойноп жатканын ишарат кылып турат.
Украинада согуш башталгандан бери Орусия борбор азиялык компаниялардан бир эле учурда аскердик да, өндүрүштүк да максатта колдонула турган кош багыттагы товарларды көп сатып ала баштады. Анын ичинде Батыш өлкөлөрүндө жана Кытайда чыгарылган микрочиптер, дрондор сыяктуу электроника товарлары жана компоненттери бар.
Дрон саткан борбор азиялык фирмалар
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары таанышып чыккан документтерге ылайык, жаңы чектөөлөр Орусиянын коргонуу өнөр жайын жана коопсуздугун чыңдоого жардам берген товарлардын агымын токтотууга багытталган. Документте "Орусиянын аскерий аракеттерин ооздуктоо үчүн "чектөөлөрдү айланып өтүүгө катышкан үчүнчү мамлекеттердеги уюмдар" бутага алынышы керек экени айтылган.
Документке ылайык, санкциялардын жаңы пакетине киргизиле турган казак компаниялары "Аспан Арба" жана Da Group 22, ал эми өзбек ишканасы Mvizion деп аталат.
"Аспан Арба" чет өлкөдөн дрондорду сатып алып, Орусиядагы Sky Mechanics (Skymec) деп аталган орусиялык компаниясына жөнөткөнү журналисттик иликтөөлөрдө айтылган. Skymec өз кезегинде бул товарларды Орусиянын коргонуу өнөр жайы менен байланышы бар компанияларга саткан.
Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун (OCCRP) быйыл май айында жарыялаган иликтөөсүндө эки компания тең бир эле орус жаранына таандык экени белгиленген.
Казакстандын соода боюнча маалымат базасына ылайык, казак компаниясы сатып алган дрондорду кытайлык DJI компаниясы чыгарган. DroneAnalyst сайтынын маалыматында, бул кытай компаниясынын жабдыктары глобалдык дрон базарынын 90 пайызын түзөт.
DJI компаниясы өзүнүн дрондорунун Украинадагы согушта колдонулушуна жол бербөөнү убада кылганы менен анын продукцияларын уруш тилкесинде эки тарап тең колдонуп келет. “Эркин Европа / Азаттык” радиосу октябрь айындагы макаласында Орусиядагы согушту жактаган топтор, анын ичинде Skymec компаниясы Кытайда жасалган дрондорду сатып алып жатканын жазган. Skymec өзүнүн вебсайтында Орусиянын Ички иштер министрлигин, Федералдык коргоо кызматын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өз кардары катары көрсөткөн.
Орус бажысынын маалыматына караганда, Da Group 22 өткөн жылы Казакстандан Орусияга миңдеген микрочиптерди экспорттогон. OCCRP уюмунун иликтөөчүлөрү компаниянын Германияда бизнес кылган орусиялык үй-бүлө менен байланышы бар экенин аныктаган.
Ноябрдын башында АКШнын Соода министрлиги Өзбекстандын Mvizion ишканасына санкция салган. Буга аталган өзбек компаниясынын "кара тизмедеги" орусиялык фирмага “электроника компоненттерин жана компьютердик программаларды” жөнөткөнү себеп катары көрсөтүлгөн.
Евробиримдиктин июнь айында кабыл алынган санкцияларынын 11-пакетине Өзбекстандан эки фирма киргизилген.
Alfa Beta Creative жана GFK Logistics Asia фирмалары баш кеңсеси Ташкентте жайгашкан. Экөө тең апрель айында АКШнын Соода министрлигинин санкциясына туш болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, бул ишканалар экспорттук көзөмөлдү буйтап өтүү үчүн түзүлгөн жана алар Орусиянын коргонуу тармагына колдоо көрсөтүү максатында америкалык товарларды сатып алган же ага аракет жасаган.
Буга чейин АКШ бир нече кыргыз компаниясына да санкция салган.
Кытайлык компаниялары кайда?
Журналисттердин колуна тийген документтерге ылайык, Еврошаркеттин жаңы санкциялык тизмесине Борбор Азиядагы ишканалардан тышкары Орусияда катталган фирмалар жана сингапурдук Deflog Technologies компаниясы кириши мүмкүн.
Жакында Евробиримдиктин өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда Орусияга салынган санкцияларды сактоо маселесин көтөрүшкөн.
Сентябрь айында Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда бул маселеге көңүл бурган. Ноябрдын башында Франциянын президенти Эммануэл Макрон да Казакстан менен Өзбекстанга расмий сапар менен барып, Батыштын санкцияларын бузган компанияларга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
Евробиримдиктин жаңы санкцияларынын долбоорунда Орусиянын мунайынын эркин сатылышына жол бербөө үчүн отчеттуулук процессин күчөтүү маселеси да каралган. Бирок жаңы санкциялардын долбооруна кытайлык компаниялар киргизилген эмес.
Брюссель санкциялардын буга чейинки 11-пакетине жети кытайлык компанияны кошуп, кийинчерээк төртөөнү кайра тизмеден чыгарган. Акыркы вариантка ылайык, ушул тапта санкцияга туш болгон компаниялардын арасында Asia Pacific Links, Tordan Industry жана Alpha Trading Investments аттуу үч гана кытайлык фирма бар. Калган төрт фирма санкциялардын жаңы пакетине киргизилери кабарланган. Бирок журналисттердин колуна тийген документте кытайлык Sinno Electronics, 3HC Semiconductors, Sigma Technology жана King-Pai Technology компаниялары табылган жок.
Евробиримдиктин расмий өкүлүнүн айтымында, санкциялардын жаңы пакети боюнча талкуу ушул аптада башталат жана документ декабрдын соңуна чейин кабыл алынышы мүмкүн. Ага чейин санкциялык тизме өзгөрүп, толукталышы ыктымал.