Каракол-Түп-Ананьева унаа жолунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. "Азаттыкка" облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн ырасташкандай, кырсык 16-ноябрда таңга маал болгон.
Маалыматта "Волга" унаасынын айдоочусу алгач жылкыны, андан кийин жол жээгиндеги бакты сүзгөнү жазылган. Автоунаадагы эки жүргүнчү ошол жерде набыт болуп, айдоочу Түп райондук ооруканасында жан берген. Бакты сүзгөн автоунаа өрттөнүп кеткен.
Милиция маркумдардын баары Түп районунун тургундары экенин билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталып, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза тапкан.(AKa)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирдиСловакиялык айдоочулар Украина менен чек арадагы жолду тосуштуГазадан барымтага алынган израилдик аялдын сөөгү табылды