Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды


Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Жапониянын императору Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты. Токио. 17-ноябрь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Жапониянын императору Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты. Токио. 17-ноябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Жапонияга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчыны бул өлкөнүн тышкы иштер министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Токиодогу Император сарайында Жапониянын императору Нарухито жана императрица Масако тосуп алышты.

Садыр Жапаров Жапонияга сапар алкагында премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коёт.

8-ноябрда Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Токиодо өтүп жаткан "Чоң жетинин" башкы дипломаттарынын жыйынында Борбор Азиянын өлкөлөрүн уюмдун "маанилүү өнөктөшү" деп атаган. Камикаванын сөзүнө караганда 2024-жылы "Борбор Азия + Жапония" диалог саммити өтөт.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасынын негизделгенине 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Күн чыгыш өлкөсү кыргыз элине экономикалык, технологиялык жана маданий, билим берүү жагынан барандуу жардам берди.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар. Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү нар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG