Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Словакиялык айдоочулар Украина менен чек арадагы жолду тосушту


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Словакиянын Украина менен чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар өтүүчү "Ужгород - Вышне Немецке" чек арасын жергиликтүү айдоочулар 16-ноябрда бууп салышты. Алар муну менен украиналык жүк ташуучулардын "адилетсиз атаандаштыгына" каршылык билдиришүүдө.

Айдоочулардын бири Вацлав Скала чек ара "эскертүү иретинде" тосмолонгонун билдирди. Ал талаптары аткарылбаса, бир сааттык акция кийинкисинде узак мөөнөткө созулушу ыктымалдыгын эскертти.

"Немис толкуну" радиосу маалымдагандай, словакиялык жүк ташуучу айдоочулар бул аракети менен польшалык кесиптештерине тилектештик билдиришти. Мурдараак ушундай эле нааразылык акциясына польшалык айдоочулар Украина менен чек арада чыгышкан.

Немистердин dpa агенттиги жазгандай, словакиялык айдоочулар да польшалык кесиптештери сыяктуу эле Украинанын жүк ташуучуларына Евробиримдикке кирүү үчүн атайын уруксат алуу талабын жандандырууну талап кылууда.

Орусиянын баскынчылыгынан кийин Украинанын жүк ташуучу автоунаалары Евробиримдик аймагына эркин кире баштаган. Мындай жеңилдик Украинанын экономикасын колдоо максатында бир жылдык мөөнөткө жарыяланып, быйыл июнда дагы бир жылга узартылган.

Украина менен чектеш өлкөлөрдүн транспорт ишканалары арзан баага иштеген украиналык жүк ташуучуларга атаандаштык кыла албай жатканы айтылууда. "Немис толкуну" белгилегендей, Евробиримдикке эркин кирүү мүмкүнчүлүгү украиналык жүк ташуучу автоунаалардын санын да кескин көбөйткөн.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

XS
SM
MD
LG