Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирди


Тинтүүдө табылган акча, документ жана башка буюмдар. УКМК тараткан сүрөт. 17-ноябрь, 2023-жыл
Тинтүүдө табылган акча, документ жана башка буюмдар. УКМК тараткан сүрөт. 17-ноябрь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергенин аныктады.

Атайын кызмат маалымдагандай, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү "арзан" деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Мындан тышкары, Б.Э.Ю. жана П.К. Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнүн чыныгы кирешеси азайтылып көрсөтүлүп, ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү бюджетке түшпөй келгени жазылган.

Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүүчү ишканалар - Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант - негизинен шектүү П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар болгон. Шектүү өзү бул ишканалардын негиздөөчүсү же директору болуп катталган.

12-ноябрда. П.К.нын үйүндө жана ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү документтер, 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом, 99 миң рубль, кыймылсыз мүлктөрдүн документтери жана көптөгөн мөөрлөр алынган.

УКМК учурда бул иштин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Президент Садыр Жапаров 5-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын жазган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев май айында соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд сомдон ашык каражат түшкөнүн кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG