Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Газадан барымтага алынган израилдик аялдын сөөгү табылды


Израилдин түштүгүндөгү ХАМАСтын жоочулары кол салган аймак. 2023-жыл.
Израилдин түштүгүндөгү ХАМАСтын жоочулары кол салган аймак. 2023-жыл.

Израилдин аскерлери 7-октябрда ХАМАС куралдуу тобунун (АКШ менен Европада террордук деп табылган) согушкерлери кармап кеткен 65 жаштагы Йегудит Вайстын сөөгүн Газа тилкесинен табышканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү Аш-Шифа ооруканасына жакын имараттан табылган. Анын күйөөсүн согушкерлер кол салган күнү эле өлтүрүшкөн.

Маркумдун сөөгү Израилге жеткирилди, анын өлүмүнүн себеби тууралуу маалымат жок. Израилдик басылмалар үч ай мурда Вайс онкологиялык ооруга чалдыгып, дарыланууга муктаж болгонун жазып чыгышты.

ХАМАС куралдуу тобунун колунда 240ка чамалуу адам барымтада турат, ичинде ондогон балдар бар.

Израил бийлиги барымтадагыларды алмаштыруу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды. The Washington Post өз булактарына таянып, радикал топтун өкүлдөрү Израилдин сунушуна макулдугун, жыйынтыгында 50дөй аялдар менен балдар бошотуларын жазды.

ХАМАС барымтадагыларды алмаштыруу үчүн Израилден Газа тилкесинде аткылоону бир нече күнгө токтотууну, Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестин аялдар менен өспүрүмдөрдү бошотууну, гуманитардык жардам өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү талап кылууда.

Израил тарап азырынча ХАМАС менен келишимге барууну чече элек.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Расмий Тель-Авив куралдуу топтун чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесин бомбалай баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мумкүн эмес.

XS
SM
MD
LG