Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин билдирди. "Көмүрдүн кымбаттап кетүүсүнүн алдын алуу, элди жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги көмүр баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү буйрук кылды", - деп жазылган маалыматта.
Экономика жана коммерция министрлигинин 18-октябрда чыгарылган буйругу 25-октябрдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, Монополияны жөнгө салуу кызматы көмүрдүн эң жогорку баасын коёт жана буйруктун аткарылышын көзөмөлдөйт.
Кыргызстандан көмүрдү автожол менен сыртка экспорттоого жарым жылга убактылуу тыюу салынганы буга чейин кабарланган. Мындай чектөөнүн “Эркеч-Там” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердигине тиешеси жок экени айтылган.
Өкмөттүн маалыматына караганда, калктын керектөөсү үчүн жылытуу мезгилинде 1,2 млн тонна кара отун зарыл. Республика боюнча көмүр сатыла турган 549 база ачылары кабарланган.
Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. (ZKo)
Дагы караңыз
ИИМ кызматкерлери кылмыштуу топ түзүүгө шектелип кармалыштыБайден: Газа ооруканасындагы жарылууну Израил эмес «башка топ ишке ашыргандай» көрүнөтИликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди сүзүп кеткен айдоочу табыла элекАдахан Мадумаровдун иши сотто жабык каралып жататКыргызстан Газадагы гуманитардык укук бузууну тезинен иликтөөгө чакырды