Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:49

Байден: Газа ооруканасындагы жарылууну Израил эмес «башка топ ишке ашыргандай» көрүнөт


АКШ президенти Жо Байден жана Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху. Тель-Авив. 18-октябрь, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден жана Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху. Тель-Авив. 18-октябрь, 2023-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден 18-октябрда жүздөгөн адамдын өмүрүн алган Газа тилкесиндеги ооруканада болгон каргашага Изралдин тиешеси жоктой сезилерин билдирди.

"Көргөнүмө караганда, аны силер эмес, башка топ ишке ашыргандай сезилет", - деди Байден Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен жолугуп жатып.

ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги ооруканада 17-октябрдын кечинде болгон калаба үчүн Израилди күнөөлөгөн. Израил аскерлери ага эч тиешеси жок экенин билдирип, окуя үчүн «Ислам жихады» радикал тобун айыптаган.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адам жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG