Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

ИИМ кызматкерлери кылмыштуу топ түзүүгө шектелип кармалышты


Кылмышка шектүүлөр. УКМКнын сүрөтү.
Кылмышка шектүүлөр. УКМКнын сүрөтү.

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгындагы (ШИИБ) Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы (БМЖКК) ыкчам кызматкер, милициянын майору М.3.М. жана Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын (РИИБ) кызматкери, милициянын капитаны И.К.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-октябрда маалымдады.

Ага ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кызматкерлер БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болушканы, кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын колдонууга сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коопсуздук кызматы аталган кылмыш иштерине тиешеси бар башка милиция кызматкерлерин кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, мындай кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюусун өтүнүп, купуялыгы сакталарына кепилдик берилерин билдирген.

2022-жылы Башкы прокуратура Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган маңгизатты уурдап алганын билдирген. Андан мурдараак, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы менен кайгуул кызматынын инспектору бир килограммга жакын маңзатты жашырып, таркатып жатканда кармалганы жарыяланган. Баткен облусунда Ош облустук милициясынын үч кызматкери маңзат соодасына аралашууга шектелип кармалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG