Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиевди сүзүп кеткен айдоочу табыла элек


Сайпидин Султаналиев.
Сайпидин Султаналиев.

"Арча Медиа" (Next TV) басылмасынын кызматкери жана "Соболум бар" долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев кабылган жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББнын) иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Башкармалыктын басма сөз кызматы мекеменин издөө бөлүмү мотоскутер менен бараткан журналистти сүзгөн автоунаанын айдоочусун издеп жатканын, табылган соң коомчулукка толук маалымат берилерин "Азаттыкка" кабарлады .

Журналист Сайпидин Султаналиев 17-октябрь күнү саат 17:30дар чамасында Бишкектин Дооронбек Садырбаев көчөсүндө мотоскутерде бара жатып жол кырсыгына кабылган.

"Арча Медиа" басмылмасынан билдиришкендей, мотоскутер менен бараткан журналистти капталынан кара түстөгү унаа сүзгөн. Мотоскутер аңтарылып, Султаналиев кулап түшкөндө, коюп кеткен унаанын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Журналистке башка адамдар жардам берип, "тез жардам" жана милиция чакырышкан.

Сайпидин Султаналиев ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын далысы сынганын жана денесинде көк ала тактар көптүгүн аныкташты.

"Арча Медианын" редакциясы тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бул окуяны ашыгып сыпаттоо жана саясий мүнөздөмө берүү мүмкүн эместигин билдирүүдө. Ошол эле учурда редакция журналист Сайпидин Султаналиев быйыл он чакты курч материалдарды эфирге чыгарганын жана азыркы учурда да чоң иликтөөнүн үстүнө иштеп жатканын белгиледи.

Редакция укук коргоо органдарын ишти бейтарап жана калыс иликтөөгө, журналистти коюп кеткен айдоочуну таап, жоопкерчиликке тартууга чакырган.

Next TV телеканалы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековго таандык. Саясатчы былтыр Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, камакка алынган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG