Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:03

Адахан Мадумаровдун иши сотто жабык каралып жатат


Адахан Мадумаров. 18-октябрь, 2023.
Адахан Мадумаров. 18-октябрь, 2023.

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу жабык өтүп жатат. Сотко Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова келди. Бирок сот отурумду жабык өткөрүү боюнча токтом чыгарганын айтып, аны сот залынан чыгарды.

Кожокулова “Азаттыкка” комментарий берип жатып, эл өкүлү катары жашыруун материалдарды алууга, таанышууга укуктуу экенин, отурумдан соттун чечимин сыйлап чыкканын билдирди.

“Азыр “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйырмадай мүчөсүнө басым болууда. Мадумаровдун абалын азыр көрдүм, карманып жатат. Биз бул маселеге көңүл бурушубуз керек”, - деди Кожокулова.

Мадумаров сот залына кирип бара жатып, өзүнө коюлган айыптар тууралуу комментарий берген жок.

Бүгүн 18-октябрда Мадумаровдун иши боюнча алдын ала угуулар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталды. Процесске анын адвокаттары гана киргизилди.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон.

Анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын буга чейин айткан. Мадумаров өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп баалап келет.

Бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG