Кыргызстанда жыл башынан бери 100дөй адам сууга чөгүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда жыл башынан бери, 11-сентябрга карата өлкөдө 98 адам сууга чөгүп каза болгонун билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 13 адамга көп.

Эң көп кырсык Ош облусунда (22 адам), Чүй облусунда (21 адам) жана Ысык-Көлдө (16 адам) катталган.

Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. 2021-жылы 128, ал эми 2020-жылы 82 өлүм катталган.

Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин белгилеп келишет.

Дагы караңыз

Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды ЖК: Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды Испания: футболчу айым Эрмосону өпкөн Луис Рубиалес отставкага кетти ЖК: комитет министрликке Баатырова менен Бейшеналиевди жактырды Кулубаев менен элчи Вигери АКШ-Борбор Азия саммитин талкуулады Чаткал: "Аташ-Чапкан" алган уруксат кагаздарын текшерүү аяктай элек