Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Кулубаев менен элчи Вигери АКШ-Борбор Азия саммитин талкуулады


Жээнбек Кулубаев менен Лесли Вигери.
Жээнбек Кулубаев менен Лесли Вигери.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Анда тараптар эки өлкөнүн алака-катышын, алдыдагы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясы жана "С5+1" форматындагы АКШ- Борбор Азия саммитин талкуулады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров ушул айда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына жана анын алкагында Борбор Азия лидерлеринин АКШ президенти Жо Байден менен чогуу өткөрүлгөн саммитине катышары белгилүү болгон.

Ак үйдөгү ишенимдүү булактар Байдендин атынан Жапаровго чакыруу келгенин "Азаттыкка" ырастаган.

Бул саммитте кандай маселелер талкууланары азырынча белгисиз. Садыр Жапаровдун администрациясы дагы Бишкек анда кандай сунуштарды көтөрөрү тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Лесли Вигери июль айында The Diplomat басылмасына курган маегинде АКШ менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн кызматташтык келишимине азырынча кол коюла электигин, бирок эки тарап тең демократия, адам укуктары, коомдук саламаттык жана энергетика тармагында кызматташып жатканын белгилеген.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсация кылган.

Жаңы келишимди даярдоо жараяны уланып жатканын эки тарап тең белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG