Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

ЖК: Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү


Гүлнар-Клара Саматтын ишине байланыштуу сын-доомат былтыркы курултайда дагы айтылган.
Гүлнар-Клара Саматтын ишине байланыштуу сын-доомат былтыркы курултайда дагы айтылган.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын отчетун угууну кийинкиге жылдырды. Буга элчинин ооруп калганы себеп болгону айтылды. Жыйында депутат Улан Бакасов Гүлнара-Клара Самат буга чейинки жыйынга дагы келбей койгонун айтып, анын кызмат ордун кароо маселесин көтөрдү.

Комитеттин төрагасы, депутат Улан Примов буга байланыштуу фракциянын чечимин чыгарууну сунуштады. Дагы бир депутат Шайлообек Атазов бул маселени элчи отчет, маалымат бергенден кийин кароону сунуштады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин ишине байланыштуу маселе былтыркы курултайда дагы көтөрүлгөн. Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов анда Гүлнара-Клара Саматты сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин айткан.

Былтыр августта Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвадагы кыргыз элчилиги уюштурган жолугушууда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болгон.

Туура бир жыл мурда парламенттеги "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Саматты жана ошол кездеги эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонгон.

Элчи менен министр буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

Былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жериндеги миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталган.

XS
SM
MD
LG