Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын казуудан келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулады. Анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлү депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Чаткалда кен казууга уруксат алган "Аташ-Чапкан" компаниясынын документтерин текшерүү аяктай электигин билдирди.
"Бизге "Аташ-Чапкан" тууралуу арыз дагы түшкөн, биз жеринен барып карап чыктык. Алар бардык уруксат кагаздарын алган экен. Бирок жергиликтүү элдин талабынан улам иштебей турат экен. Уруксат кагаздары туура берилгенби же жокпу деп текшерип жатабыз. Ал жерде алтындын запасы аз эле, бирок аябай чоң аймакты алып алышкан. Башка дагы кызыкчылыктары барбы деп биз бүгүнкү күнү ар бир кагазын карап жатабыз. Учурда компания эч кандай иш жүргүзгөн жок".
Эки ай мурда, июлда Чаткалдагы Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары "Аташ-Чапканга" байланыштуу нааразылык акциясына чыгып, акимдин кетишин талап кылган. Тургундар компания эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айткан.
Аким Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Аташ-Чапкан" чыгарткан экологиялык экспертиза кайра текшерилерин, алардын эл менен жолугушуу тууралуу протоколдорун милиция иликтеп жатканын билдирген. Аталган компания Түлөберди тилкесинен 10 гектар жерди чалгындоо жана иштетүү үчүн лицензия алганын айткан.
“Азаттык” буга чейин Чаткалдагы алтын казган компанияларга байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.
Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон-колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.
Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.