Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

ЖК: комитет министрликке Баатырова менен Бейшеналиевди жактырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 11-сентябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин, ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.

Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ага каршы козголгон жети кылмыш иши токтотулганын билдирди. Ага кылмыш иштерин козгогондорго каршы даттанбай турганын айтты.

Бейшеналиев ушул жылы июнда кармалган да, көп өтпөй үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген. Ага чейин экс-министр башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалдашып жатканы, чырды териштирүү үчүн атайын комиссия да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан. Эки жетекчинин иштен убактылуу четтетилип, бирок кайра Зулушев кызматка киришкенде Бейшеналиевдин үй камагына чыгарылганын "соодалашуу жүргөн" деген күмөндүү ойлорду жокко чыгарган.

Садыр Жапаровдун 7-сентябрдагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар өзгөрүүлөр болгон. Анда билим берүү жана илим министри болуп алты айдан бери иштеп жаткан Каныбек Иманалиев "жүктөлгөн милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн" деген негизде иштен алынган.

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган, анын ордуна ага чейин саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова барган. Баатырованын ордуна буга чейин дагы саламаттык сактоо министри болгон, коррупцияга байланыштуу камакка алынып кайра чыккан Алымкадыр Бейшеналиев барган.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG