Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген үч адамды талапкерликке каттаган жок. Тактап айтканда, Роман Ремнёв, Назарбек Нышанов жана Ильязбек Якубов керектүү документтерди толук тапшырбаганына, шайлоо фондун түзбөгөнүнө жана күрөөгө акча төлөбөгөнүнө байланыштуу каттоодон өтпөй калды.
Талапкерликтен четтетилгендер БШКнын чечимине байланыштуу комментарий бере элек.
Бул округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 адам арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.
Боршайком 16-августка чейин каттаган 10дон ашык талапкердин арасында өткөн айда Бишкектеги таза сууну талап кылган акциядан кийин кармалган, ушул тушта тергөө абагында отурган Эртай Искаков дагы бар.
БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.
Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергендиктен, кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.
Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.
БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.
Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.
Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.
Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.
Дагы караңыз
Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны башталатДональд Трампка төртүнчү кылмыш ишине байланыштуу айып тагылды ИИМ жүргүнчүлөргө кол салган чөнтөкчүлөр кармалганын билдирди Кан жолдордогу авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады