Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

ИИМ жүргүнчүлөргө кол салган чөнтөкчүлөр кармалганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн акчасын, буюм-тайымдарын уурдаган, аларга кол көтөрүп денесине залал келтирген деген шек менен жети адам кармалганын билдирди. Алардын алтоо шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайын киргизилди, бирөө жашы жете элек болгону үчүн Чүй районундагы Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына жөнөтүлдү.

Милиция кылмышка шектүүлөр коомдук транспортто телефонун уурдаткан жана аны байкап калган учурда кол көтөрүүгө кабылган жүргүнчүлөрдөн түшкөн арыздын негизинде кармалганын белгиледи. Ошондой эле социалдык тармактарга жүргүнчүлөрдү кол салып, коркуткан адамдар тартылган видеолор дагы себеп болгонун кабарлады.

Бул фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("каракчылык") менен кылмыш иштери козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жерин тинткен маалда ар кандай үлгүдөгү телефондор табылды.

Соңку учурда Бишкекте коомдук транспорттордо чөнтөкчүлөр көбөйгөнү, аларга буюм-тайымын алдырган жарандар ур-соккуга кабылганы тууралуу маалыматтар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG