Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 16-августта кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны башталат. Ага Өзбекстандан премьер-министр Абдулла Арипов баштаган делегация катышат.

Расмий Бишкек анда кандай маселелер каралары тууралуу маалымат тараткан эмес.

Өзбек өкмөт башчысы Кыргызстанга 15-августта келген жана аны президент Садыр Жапаров кабыл алган.

Президенттин басма сөз кызматы тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү тууралуу пикир алышканын кабарлаган.

“Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй оң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын айтып, мындай биргелешкен ийгиликтерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө маанилүү ролун баса белгиледи. Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүшү байкалганына канааттануу менен токтолуп, бүгүнкү талкууланган маселелер жана жетишилген келишимдер эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде толук ишке ашат деген бекем ишенимин билдирди. Өзбекстандын премьер-министри президент Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кабыл алынган тарыхый чечимдерге басым жасады. Анын ичинде, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганына токтолду”, - деп жазылган маалыматта.

Ортодогу чек ара боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү "тарыхый күн" деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Суу сактагычтын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакка алынган, алардын айрымдары үй камагына чыкты, калгандары тергөө абагында отурат.

XS
SM
MD
LG