Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Дональд Трампка төртүнчү кылмыш ишине байланыштуу айып тагылды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Жоржия штатында айып коюлду. Анда арачылардын чоң жюриси Трамп 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетине катышы бар болушу мүмкүн деп тапты.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш ишинде тагылган айып болуп калды.

Бул кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына "11 780 добуш" таап берүүгө жардамдашууну суранган.

2020-жылдагы шайлоодо Жо Байден Жоржияда уткан.

Трамп менен кошо күнөөлөнгөн 18 адамдын арасында экс-президенттин пикирлеши, Ак үйдүн аппаратынын мурдагы башчысы Марк Медоуз, адвокаты Рудольф Жулиани, Юстиция министрлигинин кызматкери Жеффри Кларк жана юрист-консультант Жон Истман бар.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Ушул айдын башында Вашингтондун соту Трампка “2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында кутум уюштурган” деген айыпты расмий угузган. Биринчи соттук отурум 3-августта болуп, келеркиси 28-августка дайындалган.

Юстиция министрлигинин атайын кеңешчиси Жек Смит Трампка төрт баскычтан турган жаңы айыптарды таккан. Анын ичинде экс-президент Жо Байдендин жеңишин Конгрессте тастыктоого жол бербөө үчүн кутумга аралашканы тууралуу айыптоо бар. Кутумдун максаты “президенттик шайлоодо жыйналуу, эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын сертификациялоону бузуу” болгону айтылган.

Бул 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы ачылган үчүнчү жана эң олуттуу кылмыш иши болуп калган.

Трамптын шайлоо штабы жаңы айыптоолорду “Башкы прокуратуранын шайлоо процессине таасир этүү аракети” деп атаган.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылган.

Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды.

XS
SM
MD
LG