Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:13

Кан жолдордогу авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады


Жолдорго коюулуп жаткан буферлер.
Жолдорго коюулуп жаткан буферлер.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн кан жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотула баштаганын кабарлады. Ушул тушта Бишкек-Кара-Балта жолуна 50 даана, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана коюлуп жатканын билдирди.

"Соккуга каршы буферлер жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 кг жетет. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түстө болот, түнкүсүн дагы алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул машинага келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат", -деп жазылган маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку алты айда үч миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 270тен ашык адам мерт болду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда кеминде 8,5 эсеге өстү.

XS
SM
MD
LG