Жапаров "коррупция" беренеси менен камалган иниси жөнүндө үн катты

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров коррупцияга шек саналып кармалган тууганы тууралуу комментарий берди. Ал 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде паракорчулукка аралашкандардын баары жазасыз калбастыгын, баарына бирдей мамиле болорун эскертти.

"Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы, ким болсоң да камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең, эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң, жата бересиң. "Менин иним эле" деп камабай койсом, башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда "бирге жаза, миңге сабак" деген жакшы сөз бар. Мына менин комментарийим", - деди Жапаров.

Буга чейин президенттин аталаш тууганы Улан Жапаров бажыдагы коррупцияга байланыштуу камалганы белгилүү болгон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кармалган Улан президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган.

Бирок бул кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июлда Улан Жапаровдун бөгөт чарасын карап, 26-июлга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири болгон.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Кутманованын уулу Стамбулда уурдалбаганын айтты Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Лавровдун сынына жооп бердиСеменов-Тянь-Шанский чокусунда көчкүдө жоголгон турист табыла элек Москва: кыргыз жарандарынын 14 млн. рублдик маянасы өндүрүп берилди НАТО-Украина кеңешинде дан ташуу маселеси талкууланат Ак-Ордо-3 конушундагы аварияда жабыркаган дагы бир адам каза болду