Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Президент Жапаров Кутманованын уулу Стамбулда уурдалбаганын айтты


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берди. Анда экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке какты. Кумтөрдөн желген акчаларга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүүлөр аныкталса жазаланарын эскертти.

"Кутманованын баласын эч ким уурдабаптыр. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам, "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаны жеп коюптур" деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо, төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деди Жапаров.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат такталбаганын, аны депортациялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган эле.

Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан болчу.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбай тургандыгын эскертип, Кутманованы мисал кылып, аны "Кумтөрдүн" акчасына байланыштуу айыптаган эле. Экс-министр дооматтарды четке каккан.

УКМК 22-июлда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан фактылар иликтенип жатканын, козголгон кылмыш ишинин алкагында сегиз адамга айып коюлуп, алтоо камалганын кабарлаган эле. Анда Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканы белгиленген.

Министрликке 2021-жылы келген Кутманова кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынганда, бул үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG