Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Ак-Ордо-3 конушундагы аварияда жабыркаган дагы бир адам каза болду


Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасы. 20-июль, 2023-жыл.
Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасы. 20-июль, 2023-жыл.

Бишкектин жанындагы Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгына кабылган маршруттук кичи автобустун реанимацияда жаткан бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ак-Ордо-3 конушта үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч ким сактай алган жок! Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди! Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт",-деп жазды Осмонов.

Саламаттык сактоо министрлиги бул кырсыкта 23 адам жараат алганын, алардын 12си ооруканга жеткирилип, төрт жүргүнчү реанимацияга түшкөнүн билдирген. Ооруканананын жандандыруу бөлүмүндөгү бир бейтаптын өтө оор, калган экөөнүкү оор болгонун, дагы бир адам реанимациядан жалпы бөлүмгө которулганын кабарлаган.

Ак-Ордо-23 конушундагы 19-июлдагы бул жол кырсыгында буга чейин бир адам мерт болгон.

Кырсыктын интернетте тараган видеосунан 169-кичи автобус жол боюна токтоп, жүргүнчү салгандан кийин жыла баштаганда артынан катуу ылдамдыкта келе жаткан фура сүзгөнүн көрүүгө болот.

Чүй милициясы окуя Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгонун, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү 169-кичи автобусту “SCONIA R-124” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу машина сүзгөнүн, анын 32 жаштагы айдоочусу кармалганын билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" деген 312-беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG