Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39

Москва: кыргыз жарандарынын 14 млн. рублдик маянасы өндүрүп берилди


Москвадагы миграциялык борбор, архивдик сүрөт.
Москвадагы миграциялык борбор, архивдик сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Москвада маянасын ала албай жатканы тууралуу кыргыз жарандарынан 245 кайрылуу түшкөн. Министрликтин бул шаардагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 193 кыргызстандыкка маянасы төлөтүп берилди жана анын жалпы суммасы 12 миллион рублден ашты.

Орусияда буга чейин дагы бир канча айлап маянасын ала албай калган, иш берүүчүлөр төлөбөй койгон учурлар болгон эле.

Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө болжол менен 2,5 миңдей жаран кеминде 150-200 миллион рублге чейин төлөнбөгөн эмгек акы тууралуу арыз менен кайрылат. Адатта анын 40-70 миллиону гана өндүрүлөт.

Ушул тушта Орусияда бир миллиондон ашуун кыргыз жараны иштеп, жашап жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG