Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Семенов-Тянь-Шанский чокусунда көчкүдө жоголгон турист табыла элек


Семенов-Тянь-Шанский чокусундагы издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.
Семенов-Тянь-Шанский чокусундагы издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, 14-июлда Семенов-Тянь-Шанский чокусунда жоголгон чет өлкөлүк турист табыла элек.

Министрликтин маалыматына ылайык, 23-июлда таң эрте сегиз куткаруучудан турган топ чокунун түндүк-батыш тарабында түшкөн кар көчкүнү карашкан, бирок издөөдөн жыйынтык чыккан эмес.

"Саат 3төр чамасында кар эрий баштагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруу тобу Семенов чокусунан Рацек жайына кайтышты", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанга эс алууга же атайын бийик чокуларга чыгууга келген чет өлкөлүк туристтердин жана альпинисттердин өлүмү катталып турат. Адистер өлкөдө тоо туризми жанданганы менен, коопсуздукту камсыздоо шарты жетишсиздигин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG