Орусиянын армиясы Одессаны үчүнчү түнү катары менен, 20-июлга караган түнү дагы дрондон аткылады. Украинанын мониторинг каналдары катуу жарылуулар болгонун жазышты.
Өлкөнүн аба күчтөрү Орусия жогорку тактыктагы "Оникс" ракеталарын колдонгонун билдирди. Айрым бир маалыматтарга караганда, чабуулда эки адам жараат алды.
Бул түнү дагы Украинанын башка аймактарына чабуул болду. Чернигов, Сумы жана Харьков облустарында, Херсондун түштүгүндө жана Николаевде абадан эскертүү берилди.
Николаев облусунун башчысы Виталий Ким орус армиясынын соңку соккусунан үч кабатуу үй жана гараж күйүп жатканын билдирди. Чабуулда 18 адам жараат алганын, бешөө ооруканага жаткырылганын, алардын арасында балдар бар экенин билдирди.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Орусия украин портторуна кеме жөнөтүүнүн "кесепетин" эскертти Түркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти Өзбекстанда соңку үч жылда абакка кесилген адамдардын саны үч эсе өстү Түндүк-түштүк кошумча жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү Аламүдүндө бир келин кичинекей кызы менен сууга чөгүп кетти