Орусия украин портторуна кеме жөнөтүүнүн "кесепетин" эскертти

Архивдик сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 20-июлдан тартып Кара деңизде Украинанын портторун көздөй багыт алган кемелердин баары "аскердик жүк ташуучулар" катары караларын эскертти. Ушундан улам мындай кемелерге кайсы өлкөнүн желеги тагылса, ошол мамлекет Киев тарапта "украин жаңжалына аралашуучу" деп эсептелерин билдирди.

Министрлик ошондой эле Кара деңиздин эл аралык мейкиндигинин түндүк-батыш жана түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү айрым райондор кеме жүрүүгө убактылуу опурталдуу болорун жарыялады.

Мунун алдында, 17-июлда Орусия Түркия жана БУУнун катышуусу менен бир жыл мурда түзүлгөн дан келишиминен чыкканын жарыялаган жана аны Москванын айрым талаптар аткарылбай жатканына байланыштырган эле.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Орусия келишимге катышпаса деле дан экспортун улантууга даяр экенин айтты.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорту токтоп калган эле. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келди.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү үч жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Дагы караңыз

Түркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти Өзбекстанда соңку үч жылда абакка кесилген адамдардын саны үч эсе өстү Шүгүралиева: сот чечиминин эрте жарыяланышы териштирилетЛенин округундагы кайра шайлоого катышууга жети адам арыз берди Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды