Түркмөнстанда калктын саны 7 миллиондон ашканы күмөн жаратты

Түркмөнстандыктар Ашхабаддагы майрамдардын биринде. Архив.

Түркмөнстандын өкмөтү калктын саны жети миллиондон ашканын жарыялады. Бирок эксперттик чөйрөдө бул эсеп күмөн жаратууда.

14-июлда Мамлекеттик статистика кометитинин төрагасы Довлатгелди Аманмухамедов түркмөнстандыктар 7 миллион 57 миң 841 кишиге жеткенин билдирген. Жарандардын 50% көбүн аялдар түзөт. Элдин 47% көбүрөөгү шаардыктар, 53% жакыны айылдыктар деп бөлүнгөн.

Түркмөнстан соңку 16 жылдан бери калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыялаган эмес. Акыркы жолу 2006-жылы өлкөдө 6,7 миллион адам жашай турганы айтылган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын бири-биринен көз карандысыз бир канча булактары өлкөдө акыркы кезде балдар аз төрөлүп жатканын, айрым аймактарда элдин саны азайып баратканын билдиришти. Алар жүз миңдеген түркмөндөр Орусия менен Түркиянын жарандыгын алганын да мисал келтиришти.

Өкмөткө жакын булак бийлик калктын санын көбөйтүп жарыялаганын, бул кадам - "Түркмөнстан - Борбор Азия чөлкөмүндө эли эң аз өлкө" деген мүнөздөмөдөн арылуу максатында жасалганын билдирди.

Бейрасмий булактар өлкө калкынын саны 5 миллионго жетпеши мүмкүн деп эсептешет.

Дагы караңыз

Маршруттук автобустун бир жүргүнчүсү каза болду, 23ү жараат алдыКыргызстан 10 даана гемодиализ аппаратын сатып алды Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи