Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстан 10 даана гемодиализ аппаратын сатып алды


Гемодиализ процедурасын алып жаткан бейтап. Бишкек. (архив)
Гемодиализ процедурасын алып жаткан бейтап. Бишкек. (архив)

Гемодиализ аппараты суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен чогуу жалпы 16 млн. 552 миң 250 сомго алынды. Аппараттардын чыгымы толугу менен президент Садыр Жапаровдун фондунан төлөнгөнүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрт аппарат Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында орнотулду. Дагы төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлду. Экөө Нарын облусунун Жумгал районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна берилет.

Гемодиализ – бөйрөгү жакшы иштебей жаткандардын канын тазалаган жабдык.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына караганда, быйылтан тартып, Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптардын процедурасына мамлекеттен 6,5 миң сомдон бөлүнөт. Учурда гемодиализ алган 2203 бейтаптын ар бир процедурасын өкмөт толук каржылайт.

Бейтаптарга гемодиализ процедурасы мамлекеттик борборлордон тышкары 33 менчик клиникада атайын келишимдин негизинде жасалат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG