Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Маршруттук автобустун бир жүргүнчүсү каза болду, 23ү жараат алды


Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы, 19-июль, 2023-жыл.
Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы, 19-июль, 2023-жыл.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн кыйганын, дагы төрт адам реанимацияда экенин бүгүн 19-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маршруттук кичи автобусту оор жүк ташуучу машина сүзгөндө, автобустун ичиндеги бир адам ошол жерден каза болгон.

Мындан тышкары 23 адам жараат алган, алардын 11и ооруканага жаткырылган. Ооруканадагы бейтаптардын төртөө реанимацияда, алардын үчөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат.

Чүй милициясынын маалыматына караганда, окуя 19-июлда эртең менен Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо-3 конушунда болгон.

"“Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү 169-кичи автобус түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып жолдон токтоп, жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда аны ошол эле тарапты көздөй бара жаткан “SCONIA R-124” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа артынан сүзгөн", - деп билдирген мекеме оор жүк ташуучу машинанын айдоочусу кармалганын, Сокулук милициясы териштирип жатканын маалымдады.

Жол кырсыгынын видеосу бүгүн социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Андан 169-кичи автобус жол боюна токтоп, жүргүнчү салгандан кийин жыла баштаганда артынан катуу ылдамдыкта келе жаткан фура сүзгөнүн көрүүгө болот.

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.

XS
SM
MD
LG