ӨКМ: Аксыда ооруканадан чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Аксыдагы Өрт чалган оорукана. 13-март, 2023-жыл.

13-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынан чыккан өрт саат 11:23тө толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ооруканадан 72 адам эвакуацияланганын, эч ким жабыр тартпаганын билдирди. Өрт эмнеден чыкканы жана материалдык чыгым такталууда.

Өрттү өчүрүүгө Аксы районунан үч, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадан 134 киши коопсуз жерге чыгарылганын, кырсык болгон аймакка саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова кеткенин кабарлаган.

Министрлик ооруканадагы бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатышканын, төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулганын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Cот 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти карадыМинистр салык боюнча митингге чыккандарды айыптадыСултанбаев: Депутат Абиров катышкан мушташ боюнча президентке маалымат берилдиОрусияда Украина тарапта согушууну максат кылган деп орус жараны соттолдуКыргызстанда Орозо 23-мартта башталатИсманкулов мурдагы министр Бейшеналиевге койгон доо арызынан баш тартты