Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Султанбаев: Депутат Абиров катышкан мушташ боюнча президентке маалымат берилди


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ тууралуу президент Садыр Жапаровго маалымат берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин, мындай жүрүм-турум мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбей турганын билдирди.

12-мартта социалдык тармактарда депутат Жаныбек Абировго окшош киши бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып атканын, арасында депутатка окшош адам бирөөнү сабаганын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 12-мартка караган түнү Бишкекте ресторандардын биринде мушташ болгонун билдирди. Мекеме жабырлануучу аны белгисиз бирөө сабаганын айтып арызданганын жана окуя боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады.

Интернетке таяк жеди делип башы-көзүнөн жаракат алган адамдын сүрөтү тарап жатат. Ал ресторандын коопсуздук кызматкери экени айтылууда.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. Өзү окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG