Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Исманкулов мурдагы министр Бейшеналиевге койгон доо арызынан баш тартты


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

“Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге койгон доо арызынан баш тартып, иш сотто кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Исманкуловдун адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Алмазбек Исманкулов былтыр кадыр баркына шек келтирилгенин айтып, соттон Алымкадыр Бейшеналиевден 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Андан бери Бишкектин Ленин райондук сотунда 4-5 жолу соттук отурум болгон.

Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турганда Бишкектин Касымалы Жантөшев көчөсүндө жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын имараты боюнч талаш чыккан. Ошол кезде Бейшеналиев имаратты бошотууну талап кылып, бир нече жолу ал жакка өзү барган. Ал кезде бул аракеттерден майнап чыкпай, Бишкек мэриясы кайра ижара келишимин түзгөнү белгилүү болгон.

Быйыл 11-мартта Бишкек мэриясы “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын имараттан чыгарды.

10-февралда Башкы прокуратура Исманкулов менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алмазбек Исманкулов менен Бишкектин муниципалдык менчик департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда алардын бөгөт чарасын карап, Исманкуловду 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камаган. Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG