Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Орусияда Украина тарапта согушууну максат кылган деп орус жараны соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Белгород облустук соту "Украинага кетип бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө украин тарапта согушууну каалаган" деп шек саналган Салехард шаарынын тургунун үч жылга абакка кести.

Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы жазды. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) облустук башкармалыгы шектүү сотто күнөөсүн моюнуна алганын билдирген.

“Медиазона” басылмасы сот жообуна тартылган 21 жаштагы жигит экенин кабарлады. Маалымат боюнча, ал Сибирде курьер болуп иштеген. Социалдык тармактарда тараган видеодон ал Белгороддон Украинага өтүп, чет элдик легиондордун бирине кошулууну максат кылганын айтканын көрүүгө болот.

Былтыр 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Москва “атайын операция” деп атаган согушта өтө оор жана чоң жоготууларга учурап, ушул тапта Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгүнө чукул жерин ээлеп турат.

Эки тараптан тең он миңдеген жоокер жок болуп, кол салгандар Украинанын шаар-кыштактарын талкалап салды. Украинада миңдеген карапайып эл набыт болуп, миллиондогон киши чет мамлекеттерден убактылуу башпаанек алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG