Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Министр салык боюнча митингге чыккандарды айыптады


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жаңы салыктык эрежелерге каршы митингге чыккандар саботаж кылып жатканын билдирди. Ал мындай пикирин парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

“Алар ККМ (контролдук-кассалык машиналар), ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар) эмне экенин так билет. Маселе алардын саботаж кылып, “мен муну каалабайм” дегенинде болуп жатат. Мындай болбойт. Диалог конструктивдүү болушу керек. Салыктын көлөмү боюнча сүйлөшсө болот, бирок эрежелер боюнча эмес”, - деди Амангелдиев.

Ал патент системасы убактылуу гана чара болгонун, жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөр салык системасын жакшырта турганын кошумчалады.

Жаңы салык эрежелерине каршы буга чейин Бишкекте, Нарында жана Таласта нааразылык акциялары өтүп, ага чогулгандар ККМ системасына убактылуу мораторий киргизүүнү, патент системасын калтырууну талап кылышкан.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип, “Көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек” деген комментарий берген.

Салык төлөөнүн жаңы эрежелери майда ишкерлерди убарага салып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылган. Депутаттар салык кызматы өзү даяр эмес болгондуктан ишкерлер кыйналып жатышканын белгилешкен. (TAb)

XS
SM
MD
LG