Наманган: кыргыз жаранын уурдап, барымтада кармаган эки адам камалды

УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Өзбекстандын Наманган облусунда кыргыз жаранын уурдоого шек саналып эки адам камалганын билдирди. Анда бул операцияны эки өлкөнүн атайын кызматы биргелешип жүргүзгөнү белгиленген. Маалыматка караганда, О.Т.Т. аттуу кыргыз жараны беш ай мурда, былтыр октябрда уурдалып, ошондон бери барымтада отурган.

"УКМКга 28-февралда О.С.Т. аттуу кыргыз жараны бир тууган агасы уурдалганы тууралуу кайрылган. Наманганда кылмышка шек саналып кармалгандар О.Т.Т. аттуу кыргыз жаранын былтыр 23-октябрда алдап Жалал-Абад обласунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга алып өтүп кеткени белгилүү болгон. Аны беш ай барымтада кармап, бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар акча талап кылышкан",-деп жазылган маалыматта.

УКМК уурдалды деген кыргыз жараны чек арадан өтүп келген, туугандары менен жолугуп жаткан учур тартылган сүрөт, видеолорду жарыялады. Бул фактыны Өзбекстандын коопсуздук кызматы териштирип-иликтеп жатканын билдирди.

Дагы караңыз

Украина: Орусия соңку чабуулду "Брянск үчүн өч алуу" деп атады Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолуктуГрузия: башкаруучу партия талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти