Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Украина: Орусия соңку чабуулду "Брянск үчүн өч алуу" деп атады


Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган.
Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы жасалган соңку тынымсыз ракеталык чабуулду "Брянск облусундагы 2-марттагы теракт үчүн өч алуу" деп билдирди. Министрлик тараткан маалыматта Украинанын маанилүү аскердик инфраструктурасы, коргонуу тармагындагы өнөр жай комплекстери, ошондой эле, аларды электр энергиясы менен камсыз кылган объекттер бутага алынганы жазылган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттердеги баракчасына "орусиялык ракеталык чабуул аскердик максатты көздөбөгөнүн" жазды жана соңку аткылоону "катардагы орус жырткычтыгы" деп сыпаттады.

Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган. Бул чабуулда кеминде алты жай тургун мерт болду.

Киев жалпысынан 81 ракета атылганын, анын айынан бир катар облустарда үйлөр, имараттар жана маанилүү энергетикалык, инфраструктуралык объекттер кыйраганын билдирген.

XS
SM
MD
LG