Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолукту

Акылбек Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-мартта Ташкентте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

"Сүйлөшүү маалында, өндүрүш кооперациялары, айыл-чарба, энергетика жана транспорт тармагындагы маанилүү долбоорлорду чукул ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Акылбек Жапаров бул жылы кыргыз-өзбек кызматташтыгы бардык тармактарда жаңы жетишкендиктерге жетет, жогорку деңгээлдеги макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашыралат деген үмүтүн билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган жана өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен да жолуккан.

Ал сапарынын алкагында бир катар өнөр-жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырды. Буга чейин Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатканы айтылган.

Дагы караңыз

Украина: Орусия соңку чабуулду "Брянск үчүн өч алуу" деп атады Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду Зиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды Баткен: милиция мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди Орусия Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады