Жаза аткаруу кызматы абактагы 54 кишиге паспорт берилгенин маалымдады

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 14-ноябрдагы маалыматына ылайык, өткөн аптада Чүйдүн Беловодское айылындагы № 16 түзөтүү мекемесинде кармалып турган 11 адамга Кыргызстандын паспорту тапшырылды.

Жалпысынан жыл башынан берки 10 ай ичинде соттолгон 54 адамга ички паспорт - ID карта берилди.

Бул жараян кыргыз өкмөтүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, тергөө абактарында шектүү жана айыпкер катары катталгандарга паспорт берүүнү жөнгө салуу боюнча токтомуна ылайык жүрүп жатат.

ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, абактагы 15 адамдын никеси мыйзамдуу түрдө катталып, тиешелүү күбөлүк алды.

"Абактагы адамдарды социалдаштыруу жараяны аларга абактан чыккандан кийин кылмыш жолуна кайтпай, коомдо өз ордун табууга шарт түзөт", - деп билдирди мекеме.

Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Анын 10у жатак абак, алты тергөө изолятору, 10у түрмө. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусия 2023-жылы Кыргызстанга 150 мугалим жөнөтүүгө ниеттенүүдөУКМК экстремизмге шектелип, эл аралык издөөдөгү адам кармалганын билдирдиИИМ Күзөт кызматында иштегендердин маянасы көбөйөрүн билдирдиЮстиция министрлиги ЖМК жөнүндө мыйзамдын долбооруна терс корутунду бердиЖашы жете элек балдарды оор жумушка тарткандарга айып пул салындыТенгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калды