Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Жашы жете элек балдарды оор жумушка тарткандарга айып пул салынды


Базарда суусундук сатып иштеген бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Базарда суусундук сатып иштеген бала. Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат райондук милициясы 10-14-ноябрда "Өспүрүм-эмгек" деген аталышта атайын рейд өткөрүп, райондун аймагындагы соода борборлорду, базарларды, унаа жуучу жайларды жана курулуштарды текшерген. Натыйжада 10 өспүрүм жашы жете электигине карабай оор жумушта иштеп жатканы аныкталган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Алты баланын ата-энесине "Балдардын саламаттыгына, психикасына, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүү" беренеси менен 1000 сомдон айып пул салынды. Ал эми жашы жете элек балдарды иштеткени үчүн жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деди облустук милиция.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 26,7% эмгекке тартылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG