Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

Тенгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калды. Мындай чечимди 4-ноябрда Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Баш-аягы үч кылмыш иши козголгон.

Бөгөт чарасы каралып жаткан сотто Тенгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин айткан.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин, анын ишине сот гана чекит коёрун билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG