Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

ИИМ Күзөт кызматында иштегендердин маянасы көбөйөрүн билдирди


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) күзөт кызматынын кызматкерлеринин айлык акысына байланыштуу маселени карап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкта" билдиришкендей, Күзөт кызматы министрликтеги өзүн өзү каржылоочу бөлүм болгондуктан, алар кайтаруучу мекеме-ишканалар менен жылдык келишим алдын ала түзүлөт. Мындан айлык акы жана башка чыгашалар эсептелет.

"Ушундан улам Күзөт кызматынын кызматкерлеринин айлык акысынын үстөгү (надбавка) көбөйгөн жок. Учурда бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Кызматкерлердин баарынын айлык акысына үстөктөр кошулат жана кошумча төлөмдөр да берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери айлык акылары көтөрүлбөгөнүнө нааразы болуп, 15-ноябрда митингге чыгышары социалдык тармактарда жазылган. Алар пандемия учурунда да бардык милиция кызматкерлерине кенемтелер төлөнүп берилип, Күзөт кызматындагыларга берилбей калганын айтышууда.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлеринин жана милиционерлердин кызмат өтөө үчүн үстөктөрүн жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу тууралуу жарлыкка 19-сентябрда кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG