Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

УКМК экстремизмге шектелип, эл аралык издөөдөгү адам кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

11-ноябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Амир", "Хизб-ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынан кармалганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда кабарлагандай, атайын кызмат кармоо операциясын күч органары менен бирге жүргүзгөн.

Кармалган жаран экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жана Украина, Чехия, Швеция жана Польшада жашаган “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү менен байланышта болгон. Андан сырткары аталган уюмдун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо, окутуу менен активдүү алектенген. Ошондой эле ал уюмдун Фергана өрөөнүндөгү ишин координациялап, Кыргызстанда жашырынып жүргөнү маалыматта айтылат.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын Кыргызстандын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден соң, мыйзам чегинде мекенине экстрадицияланат. Атайын кызмат шек саналган адам кайсы өлкөнүн жараны экенин тактаган эмес.

УКМК 12-ноябрда "Хизб ут-Тахрир аль Ислами" диний-экстремисттик уюмунун "аялдар канатынын" жашыруун ишмердүүлүгү аныкталганын билдирген. Ага чейин октябрь айында экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга (Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү) шектелип, 11 киши кармалганы кабарланган. Анда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү ай сайын өткөрүлүүчү "чогулушунда" Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылында колго түшкөн.

Мурдараак аталган уюмдун жети мүчөсү кармалганын маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG